Талас шаарында эркек киши түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Chevrolet Lanos үлгүсүндөгү жеңил унаанын мотор жана багаж бөлүгү күйгөн. Өрттүн кесепетинен унаанын ээси 1976-жылы туулган Б.М. эркек киши түтүнгө ууланып каза болгон.
Өрттүн себеби такталууда.