Бишкекте мурунку заводдун аймагында жарылуу болуп, 3 адам жабыркады

Автор -

Мурунку Фрунзе заводунун аймагында металл эритүүчү казан жарылып, 3 адам жабыркады. Бул туурасында өздүк булактарына таянып, Kaktus.media жазды.

Саламаттык сактоо министрлиги бул маалыматты тастыктады.

Мекеме жабыркагандардын экөө бети-колдору күйүп, Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун күйүк бөлүмүнө жаткырылганын билдирди.  Ал эми үчүнчү адам ар кандай жаракаттар менен оор абалда ошол эле борбордун жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү