Кой-Таш окуясы боюнча отурум уланат

Автор -
@super.kg

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 23-декабрда Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароону улантары күтүлүп жатат. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Саат 14:00гө белгиленген отурумга Атамбаевдин келиши  күтүлүүдө. Эске сала кетсек, 16-декабрдагы соттук жараянга мурунку президент ден соолугунун абалына байланыштуу келе алган эмес. Сотко анын отурумду бир жумага жылдыра туруу өтүнүчү кагаз жүзүндө тапшырылган.

Учурда Кой-Таш окуясы боюнча ачылган иште 19 киши айыпталып, алардын 14үнүн иши сотко өткөн. Азыр күбөлөр суралууда. 250дөй күбөнүн ондон ашыгы суралып бүттү.

Буга чейин Атамбаев Батукаевдин ишине байланыштуу 11 жылга эркинен ажыратылган. 10-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурунку президенти УКМКнын Тергөө абагына эки айга кармоо өкүмүн чыгарган. Буга чейин ал №47 абакта болчу.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү