23-декабрга карата COVID-19 илдетинин 230 жаңы учуру катталды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.
— Бишкек — 71
— Ош — 4
— Чүй облусу – 71
— Ош облусу — 24
— Талас облусу — 6
— Нарын облусу — 2
— Ысык-Көл облусу – 36
— Жалал-Абад облусу – 7
— Баткен облусу — 9
Март айынан бери бул ооруну 79 659 кыргызстандык жуктуруп алды. Анын ичинен 73 561 адам айыгып чыкты. 1337 каза тапты.