Пакет кийгизилип, буту таңылган. Россияда кыргыз жаранынын сөөгү табылды

Автор -

Россиянын Ленинград облусунун Приозерск шаарында башына пакет кийгизилип, буттары байланган эркек кишинин сөөгү табылды. Бул туурасында россиялык ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, сөөк табылганы тууралуу маалымат райондук полицияга 21-декабрда түшкөн. Жансыз дене үйдүн жер төлөсүнөн табылган.

Жерине барган полиция кызматкерлери 45 жаштагы кыргызстандык жарандын сөөгүн табышкан. Россиянын аймагында кран башкарып иштеп жүргөн кыргыз жараны дайынсыз жоголгон болчу.

Ал башынан жаракат алганы, буту байлануу болгону айтылат. Сөөк табылган жерден бутун байлаган ак жип жана ак пакет алынды.

Кылмышка шектелип 52 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү