Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча соттук отурум жылдырылды

Автор -

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум уланды.

Отурумдун жүрүшүндө эки айыпталуучу – Равшан Жээнбеков менен Ноорузбек Капарбек уулу процесс жүрүп жаткан залдан чыгып кетишкени аныкталды.

Буга чейин Равшан Жээнбеков саат 15:00дө үгүт кампаниясына байланыштуу маанилүү иш-чарасы бар экенин билдирген, деп жазат 24.kg. Ал ишти карап жаткан судья Азирет Медеровдун кеңешүүчү бөлмөдөн чыгышын күтпөстөн кетип калган. Ал эми башка айыпталуучунун жактоочусу Ноорузбек Капарбек уулунун кызы ооруп калгандыктан, ооруканага жеткирүү үчүн кеткенин билдирди.

Прокурор айыпталуучулар сот залынан өзүм билемдик менен чыгып кетишкенин белгиледи. Алардын катышуусусуз соттук териштирүүнү улантуу мүмкүн эместигин белгиледи.

Жактоочулар менен башка айыпталуучулар отурумду жылдырууну суранышып, жыйынтыгында сот 30-декабрга жылдырылды.

Эске сала кетсек, мурдараак сот 3 ишти бир өндүрүшкө бириктирген. Тактап айтканда, Кой-Таш окуясына прокурорлор мыйзамсыз баюу, акчаны адалдоо иштерин кошуп кароону суранышкан.

Бөлүшүү