Жаранды опузалап, 380 миң талап кылгандардын бири — балбан Роман Царёв

Автор -

Бүгүн ИИМдин ыкчам кызматкерлери менен УКМК бишкектик тургунду опузалап, 380 миң сом талап кылып жаткан кылмыштуу топту колго түшүргөнүн маалымдаган. 24.кг агенттиги алардын бири балбан, Кыргызстандын күрөш боюнча чемпиону Руслан Царёвдун бир тууганы Роман экенин жазып чыкты.

Редакциянын маалыматына караганда, бул кылмыш ишинде спортсмендин кандай роль ойногону такталууда.

Кыргызстандын күрөш федерациясындагылар окуя тууралуу маалымат каражаттарынан угушканын айтышып, комментарий бере алышкан эмес.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү