Бишкек тургунунан 380 миң сом талап кылган кылмыштуу топ кармалды

Автор -

ИИМдин ыкчам кызматкерлери менен УКМК Бишкектин жашоочусунан 380 миң сом акча каражатын опузалап талап кылган кылмыштуу топту кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын декабрь айында азиат жана европа түспөлүндөгү 25-30 жаштардагы эки белгисиз адам БМВ-535 үлгүсүндөгү унаа менен 1991-жылы туулган С.А. аттуу жаранга келишкен. Бул шектүүлөр өздөрүн Алтынбек жана Роман деп тааныштырган.

«Алтынбек жабырлануучуга моралдык жана психологиялык басым көрсөтүп, сабап, коркутуп, 380 миң сом акча каражатын талап кылган. Андан соң кылмышкерлер белгисиз тарапка кетишкен. Бирок телефон аркылуу физикалык күч колдонобуз деген коркутууларын уланткан.

Аталган факты сотко чейинки өндүрүшкө катталып, ыкчам алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында атайын операция уюштурулган. Шектүүлөр 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда кармалган. Алар Ысык-Көл облусунун Түп районунун 28 жаштагы М.А. аттуу тургуну жана Казакстан Республикасынын 29 жаштагы Ц.Р. аттуу тургуну болушкан. Алар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, мындан аркы териштирүүлөр жүрүп жатат», — деп билдирет басма сөз кызматынан.