Ысык-Көлдө 34 жаштагы жаранды карагай басып калды

Автор -

Ысык-Көл облусунда карагай басып калган 34 жаштагы тургун каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

22-декабрь күнү саат 18:30да облустун Ак-Суу районундагы Жыргалаң шахтасында карагай кыйып жаткан учурда 34 жаштагы тургунду бак басып калган.

Жерине ӨКМдин №7 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, маркумдун сөөгүн карагайдын алдынан алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү