Башкы прокуратура Мадумаровдун штабына түшкөн коркутууларды текшерип баштады

Автор -

Башкы прокуратура президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун Ысык-Көл облусундагы үгүтчүлөрүнүн дарегине түшүп жаткан коркутуулар боюнча териштирүүнү баштады.

Эске сала кетсек, мурдараак саясатчы КТРКнын түз эфиринде анын Көлдөгү штабынын кызматкерлерине бирөөлөр чалып, «эгерде кимде ким бир жигиттен башка талапкерге чуркаганын көрсөк, барып үйүңөрдү өрттөйбүз» деп айтышканын билдирген.  Божомолдорго караганда, сөз Садыр Жапаров жөнүндө болууда.

Бул окуя тууралуу маалымат БШКнын Ыкчам аракеттенүү координациялык тобуна 17-декабрда түшкөн. Кийин иш Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Бул факт «Бейбаштык» беренеси менен бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.