Кыргызстандык айдоочулар Россиянын антирейтингинде 2-орунга чыгышты

Автор -

Кыргызстандыктар Россияда чет өлкөлүк айдоочулардын айынан катталган унаа кырсыгы боюнча статистикада алдыңкы үчтүккө кирди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Статистиканы Россия Федерациясынын Ички иштер министрлиги чыгарган. Ага ылайык, ушул жылдын тогуз айында эле катталган жол кырсыктарынын үч пайызга жакыны мурдагы СССРден тараган мамлекеттердин жарандарына туура келет.

Антирейтингде Өзбекстан биринчи орунду ээлесе, Кыргызстан экинчи орунда, ал эми үчүнчүгө Тажикстан чыккан. Кыргызстандыктар 701 жол кырсыгына себепчи болсо, анын отузу адам өлүмү менен коштолгон. Муну адистер айдоочулар көп иштеп чарчагандыгы менен жана бир катар өлкөлөрдө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз алынганы, жергиликтүү автомектептердин айдоочулукка даярдоосу жетиштүү деңгээлде эместиги менен байланыштырышат.

Мындан сырткары, аталган үч өлкөнүн жарандары көбүнесе тейлөө чөйрөсүндө, анын ичинде такси кызматында иштегендиги буга кошумча болгону белгиленет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү