Миң-Кушта 2 кабат үй өрттөндү

Автор -
254
Иллюстрация

Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында эки кабаттуу турак жайда 24-декабрда таңга маал саат 05.00 чамасы өрт чыкты, деп жазат «Азаттык».

Жергиликтүү тургундардын маалыматына караганда, өрт өчүрүүчүлөр саат 7ден өткөндө келгени менен суу шлангы тешилип, аны өз убагында өчүрө алышкан эмес. Имарат дээрлик толук күйүп бүтүп калганын жергиликтүү тургундар тартып, Интернетке жарыялаган видеодо да айтылган. Азыр өрт өчүрүү иштери уланып жатканы кабарланды.

Алардын билдирүүсүндө өрттөнгөн турак жайда сегиз батир бар болчу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуя боюнча маалымат бере элек. Өрттүн эмнеден чыкканы азырынча белгисиз.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү