Ташиев Райымбек Матраимов карызын төлөп бүткөнүн билдирди

Автор -

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке төгө турган акчаны толук төлөп бүттү. Бул тууралуу 24-декабрда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, 1 миллиард 400 миллион сому акча менен, калганы бир соода борбору, тогуз батир менен төлөндү.

«Соода борборун мамлекетке өткөрүп беребиз. А тогуз батирди УКМКнын кызматкерлерине беребиз. Бир батири абдан чоң экен — 250 же 280 чарчы. Ал батирде кызматкерлердин эч кимиси жашай албайт. Аны балдар үйү кылганга же социалдык мекемеге берилет», — деди Ташиев.

Ал Матраимовдун иши тергелип жатканын жана козголгон иш жакынкы арада сотко жөнөтүлөрүн айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.

Матраимов УКМКнын айыптоосу жана мамлекетке төгүп жаткан каражат тууралуу комментарий бере элек.

Өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген Садыр Жапаров Матраимов мамлекетке төлөөгө милдеттендирилген 2 миллиард сомду ноябрдын аягына чейин төгүп бере турган болгонун 3-ноябрда «Region» телеканалындагы маегинде билдирген.