Жогорку Сот Кулматовго чыккан өкүмдү өзгөрттү

Автор -

Жогорку сот Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш ишин кайра карап чыкты.

Соттук коллегия экс-мэрге чыккан мурунку инстациялардын өкүмдөрүн өзгөрттү, Кулматовго салынган айыптын өлчөмү азайды, деп жазат 24.кг агенттиги.

Буга чейин Ленин райондук соту экс-мэрди 5 млн сом өлчөмүндө айып төлөөгө милдеттендирген. Жогорку Сот айыпты 600 миң сомго азайтты. Эми Кулматов 4 млн 400 миң сом төлөшү керек.

Албек Ибраимовго чыккан өкүм күчүндө калды. Ал 15 жылга кесилген. Экс-мэр 2020-жылдын октябрындагы окуялардан кийин таптырбай кеткен.