Чоң-Алайда жүрүп бара жаткан унаадан секирген айдоочу каза тапты

Автор -

Ош облусунун Чоң-Алай районунда 54 жаштагы айдоочу жүрүп бара жаткан автоунаадан секирип каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, окуя 25-декабрь түнү саат 03:30дар чамасында Чоң-Алай айыл аймагындагы Дароот-Коргон — Жаш-Тилек унаа жолунун 12-чакырымында болгон. Анда жүктөгүч унааны башкарып бара жаткан айдоочу рулга ээ боло албай, андан секирип кетүүгө аракет кылган.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, каза болгон адамдын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү