Шаардык сот Текебаевди мандаттан ажыратуу чечимин чыгарды

Автор -

Бишкек шаардык соту «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу чечим чыгарды. Бул туурасында активист Темирдан Ормуков ЖМКларга билдирди.

Анын айтымында, эгерде Боршайком 3 күн аралыгында чечимдин үстүнөн Жогорку Сотко арызданбаса, Өмүрбек Текебаев мандатынан ажырайт. Шаардык соттун чечими жарыяланган учурдан тартып, күчүнө кирет.

Ормуковдун пикиринде, азырынча Текебаевдин акталганы тууралуу чечим жок, мындан улам ал айыпталуучу катары эсептелет. Мындай учурда БШКнын мандат берүүгө укугу жок.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратылышкан. Бардык инстанциядагы соттор аларды «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп тапкан.

2019-жылдын 21-августунда Жогорку Сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу саясатчынын ишин кайра кароого жөнөткөн. 29-августта алар үй камагына чыгарылышкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү