Нарын облусунун Ак-Талаа районунун аймагында сууга түшүп кеткен киши изделип жатканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Куткаруучуларга Жеңиш айылындагы Ала-Буга суусуна 27 жаштагы киши түшүп кетти деген билдирүү кечээ, 27-декабрь күнү, саат 14:07де айтылган.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ак-Талаа райондук №47 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери тартылып, саат 19:30та натыйжа чыкпагандыктан издөө иштери убактылуу токтотулган.
Бүгүн издөө улантылат.