Бүгүн президенттикке талапкерлердин дебаты уланат

Автор -

Коомдук телерадиоберүү корпорациясында бүгүн, 29-декабрда президенттикке талапкерлердин  теледебаты уланат.

Бүгүн талапкерлер Мыктыбек Арстанбек, Садыр Жапаров, Рашид Тагаев, Арстанбек Абдылдаев, Имамидин Ташов, Элдар Абакировдор телетаймашка чыгат.

Дебат саат 20:00дө башталып, 22:30га чейин уланат.

Ал эми 30-декабрда калган 6 талапкер: Бабыржан Төлбаев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Жеңишбек Байгуттиев, Улукбек Кочкоров, Абдил Сегизбаевдер чыгышат.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Учурда бул кызматка 18 талапкер ат салышууда.