Экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Автор -

Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов «Экономикалык амнистия маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Документ расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 23-декабрында Жогорку Кеңештин депутаттары бул мыйзам долбоорун карап, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышкан. Мыйзам долбоорунун демилгечилери эл өкүлдөрү Акылбек Жапаров, Өмүрбек Бакиров, Марлен Маматалиев, Гулшат Асылбаева жана Салайдин Айдаровдор.

Алардын айтымында, документ бюджетте тартыштык болуп турган мезгилде мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоону каалаган адамдарга карата гумандуу мамиле кылуу үчүн даярдалган.

Долбоордун авторлору салык төлөөдөн качкан же экономикалык кылмыш кылган ишкерлерди келтирген чыгымын эки эселеп төлөп берген учурда кылмыш жоопкерчилигинен бошотууну сунушташат. Амнистия соттолгон же Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы үстүнөн иш козгогон жарандарга карата колдонулат.

Бул мыйзам долбооруна каршы чыккандар да бар. Алар мыйзамды кабыл алууда регламент сакталбаганын жана ал президентикке талапкерлердин бирине жагыныш үчүн даярдалганын айтышууда.

Бөлүшүү