Тилек Матраимов 220 миң сом төлөөгө милдеттендирилди

Автор -

Кара-Суу районунун мурунку акими Тилек Матраимов мамлекетке 220 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди. Мындай чечимди Ош облустук соту чыгарганын 24.кг агенттиги жазды.

Райымбек Матраимовдун бир тууган иниси мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Аны үй камагына алуу бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылып, кошумча 220 миң сом айып пул төлөмөй болду.

Эскерте кетсек, Тилек Матраимов 2020-жылдын 7-октябрында кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракети үчүн өзбек чек арачылары тарабынан кармалган. Кара-Суу районунун акимин тергөө изоляторуна киргизишип, сот алгач аны бир айга камакка алуу чечимин чыгарып, кийин үй камагына бошотушкан.

Бөлүшүү