Лебединовкадан уурдалган унаа Нарындан табылды

Автор -

Бишкекте унаа уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-декабрь күнү Аламүдүн РИИБине К.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда Лебединовка айылында жайгашкан унаа жуучу жайлардын биринде арыз ээсинин унаасын белгисиз адам уурдап кеткени айтылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Автотранспорт каражаттарын уурдоо» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Иликтөө иш-чаралынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан уурдалган унаа Нарын шаарынан табылып, кылмышка шектүү катары 22 жаштагы К.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү Лебединовка айылындагы унаа жуучу жайлардын бирине жумушка орношуп, арыз ээсинин унаасын жаңы жыл түнүндө уурдап чыгып, Нарын облусунда айдап жүргөн жеринен кармалган», — деп жазылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки процесстер уланууда.