6-январга карата 144 адамдан вирус табылды

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 144 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек – 60
Ош — 5
Чүй облусу – 30
Ош облусу — 10
Талас облусу — 1
Нарын облусу — 3
Ысык-Көл облусу – 22
Жалал-Абад облусу – 11
Баткен облусу — 2

Март айынан бери Кыргызстанда коронавирус илдетин жалпы 81 миң 656 адам жуктуруп алды. 77 170 адам бул илдеттен айыкты. 1361 адам каза тапты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү