Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 215 адам сакайып чыкты

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 215 адам сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек – 65
  • Ош шаары – 6
  • Чүй облусу – 60
  • Ош облусу – 20
  • Талас облусу – 9
  • Нарын облусу – 8
  • Ысык-Көл облусу – 34
  • Жалал-Абад облусу – 10
  • Баткен облусу – 3.

Учурда 912 киши стационарда дарыланууда, алардын ичинен:
— 10 адам (1%) — канааттандыраарлык абалда;
— 624 (68,4%) — орто оордукта;
— 224 (24,5%) — оор абалда;
— 54 (5,9%) — өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда 1288 бейтап бар.

Март айынан бери Кыргызстанда коронавирус илдетин жалпы 81 миң 656 адам жуктуруп алды. 77 170 адам бул илдеттен айыкты. 1361 адам каза тапты.

Бөлүшүү