Садыр Жапаровдун үстүнөн БШКга арыз түштү

Автор -
273

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Артур Бакиров Садыр Жапаров үгүт эрежелерин бузуп жатканын айтып, БШКга арызданды.

Арыз буга чейин соцтармактарга жарыяланган тасмага байланыштуу. Интернет колдонуучулардын маалыматына караганда, 3-январь, жекшемби күнү, Ала-Бука районунда аламан улак болуп өткөн. Иш-чарага ар кайсы райондордон келген  2 миңдей киши катышкан. Байге катары бештен ашык унаа, 15тен ашык жылкы жана төө, акча каражаттары сайылган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча Жол кайгуул кызматынын райондор аралык каттоо жана экзамен алуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ташбаев Рыскул талапкер Садыр Жапаровго добуш берүүгө үндөгөн.