«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурунку жетекчилиги коррупцияга шектелүүдө

Автор -

«Бишкек» эркин экономикалык аймагында акча каражаттарын чыгарып кетүүнүн туруктуу коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эркин экономикалык аймактын жооптуу адамдары мамлекеттик жана башка сатып алууларды уюштурууда өз адамдарын тартуу  менен көмүскө кирешелерди алуу боюнча туруктуу схеманы түзүшкөн. Сатып алуучулар тузүлгөн келишимдеги сумманын кайсы бир бөлүгүн мурунку жетекчиге кайтарып берип турган.

«Бишкек» ЭЭАнын башкы дирекциясы негизсиз сатып алууларды жасоо менен каржы ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу фактылары аныкталды. Мындан тышкары «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчилиги мамлекеттик казынага кете турган акчанын өлчөмүн азайтуу менен Башкы дирекциянын товарларды жана материалдык баалуулуктарды сатып алууга каралган жылдык бюджетин негизсиз жогорулаткан. Сотко чейинки өндүрүш «Коррупция» беренеси менен бирдиктүү реестрге катталды. «Бишкек» ЭЭАнын Башкы дирекциясынын мурунку башкы директору жана аткаруучу директору кармалды. Алар УКМКнын Тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат», — деп билдиришти мекемеден.

Айрым маалымат булактары сөз эркин экономикалык аймактын мурунку жетекчиси Дүйшөн Ирсалиев тууралуу деп божомолдошууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү