Вашингтондогу каршылык акциялары учурунда 4 адам каза тапты

Автор -

Вашингтондогу каршылык акциялары учурунда 4 адам каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү полиция кызматына таянып, РИА НОВОСТИ жазды. Буга чейин полиция кызматкеринин огунан бир аял каза тапканы тууралуу кабарланган.

Нааразычылык акциясынын 52 катышуучусу кармалып, алардын айрымдары куралды мыйзамсыз ээлеп алууга, көбү Колумбия округунда киргизилген коменданттык саатты бузууга айыпталууда.

Эскерте кетсек, кечээ, 6-январда Вашингтондо башаламандыктар орун алды. Анда Трамптын нааразычылык акциясына чыккан тарапташтары Капитолийдин имаратына кирип барышкан.  Бул учурда имаратта Конгресстин кош палатасы Кошмо Штаттардын шайланган президенти Жо Байдендин шайлоодо жеңишин расмий бекитиш үчүн жыйын өткөрүп жаткан.

Жыйын үзгүлтүккө учурап, Конгресстин мүчөлөрү эвуакацияланган. Имаратка кирип келген топту токтотуу үчүн Капитолийдин күзөт кызматы ок чыгарган. Митингге чыккандардын айрымдарында да курал болгону айтылууда.

Бир нече убакыттан кийин полиция Капитолийде тартип орнотуп,7-январдын таңына чейин коменданттык саат жарыяланган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү