Бишкек мектептери 18-январдан тарта ишин жарым-жартылай жандантат

Автор -

18-январдан тартып Бишкектеги мектептерде айрым класстар салттуу окутууга өтүшөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-январда 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып башташат. Балдар эки нөөмөт менен окуп, шахматтык тартипте отургузулат. Мындай форматта балдар 1-февралга чейин окушат, бул убакыт аралыгында эпидемиологдор абалды байкаштырып көрүшөт.

Эгерде оору жуктурган учурлар көбөйүп кетпесе, кийинки этапта бардык окуучулар мектепке барып башташат. Ал эми бала бакчалар 20-январда ишин жандантат.

Бөлүшүү