Эки облустан жана Ош шаарынан илдетке чалдыккандар катталган жок

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 107 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек – 82
  • Чүй облусу – 8
  • Ош облусу — 2
  • Ысык-Көл облусу – 10
  • Жалал-Абад облусу – 1
  • Баткен облусу — 4.

Ал эми Ош шаарынан, Талас облусунан жана Нарын облусунан сутка ичинде ооруга чалдыккандар катталган жок. 2020-жылдын мартынан бери бул вирусту Кыргызстанда 82 миң 380 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 78 003 адам айыгып чыкты. 1371 каза тапты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү