«Ала-Тоо» аянтында унаалардын кыймылы убактылуу чектелет

Автор -

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында унаалардын кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, бул президенттик шайлоонун жыйынтыгына карата майрамдык иш-чаранын өткөрүлүшүнө байланыштуу.

Чүй проспектиси саат 13:00дөн тарта белгисиз убакытка чейин жабык болот. 

Бишкек мэриясынан иш-чаранын уюштуруучулары уруксат алышканын билдиришти.

«Жалпы бөлүмгө Садыр Жапаровдун штабынан концерт уюштурулары тууралуу билдирүү түштү. Биз тараптан санитардык нормаларды сактоо, элдин көп топтолушуна жол бербөө сунушталды», — дешти мэриядан.

Баш калаа мэриясынын маалыматына караганда, концертке кеткен чыгымды Садыр Жапаровдун штабы каржылайт.

Эскерте кетсек, кечээ, 10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо өткөн. Алдын ала маалымат боюнча Садыр Жапаров алдыда.