Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 107 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
- Бишкек – 82
- Чүй облусу – 8
- Ош облусу — 2
- Ысык-Көл облусу – 10
- Жалал-Абад облусу – 1
- Баткен облусу — 4.
Ал эми Ош шаарынан, Талас облусунан жана Нарын облусунан сутка ичинде ооруга чалдыккандар катталган жок. 2020-жылдын мартынан бери бул вирусту Кыргызстанда 82 миң 380 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 78 003 адам айыгып чыкты. 1371 каза тапты.