Экс-премьер министр Кубатбек Боронов суракка чакырылды

Автор -

Экс-премьер министр Кубатбек Боронов суракка чакырылды. Бул тууралуу күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, Kaktus.media жазды.

Маалым болгондой, эртең, 12-январда, саат 11:00дө Боронов пандемия учурундагы өлкөнүн даярдыгынын алсыздыгы жана анын кесепети жарандардын өлүмүнө алып келгени боюнча Финполго сурак берет.

Каржы полициясынын басма сөз кызматы Бороновдун суракка келишин тастыктап, бирок тергөөнүн эрежесине ылайык кенен маалымат азырынча берилбей турганын билдирди.

Кубатбек Боронов 2018-жылдын 20-апрелинен 2020-жылдын 15-июнуна чейин КР биринчи вице-премьер-министри болуп турган. Коронавирус күчөгөн маалда өкмөт башчылык кызматка келип, октябрь айындагы башаламандыктардан кийин кызматын тапшырган.