Бишкек Жылуулук электр борборунун башчысы Андрей Воропаев бүгүн, 12-январда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына келди.
Айтымында, ал мекемеге Бишкек ЖЭБи боюнча ачылган иште «кеңешүү» үчүн келген.
«Учурда документ топтоо жүрүп жатат, эч кандай сурак болгон жок», -деди ал.
Эске сала кетсек, буга чейин Финпол Бишкекти каптаган кара түтүндүн себептерин териштире баштаган. Бул боюнча Бишкек ЖЭБинин жооптуу адамдарына карата сотко чейинки өндүрүш башталган.