Каракол шаарында облустук телеканалдын кызматкери өз өмүрүнө кол салды

Автор -

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында облустук телеканалдын кызматкери асынып алды. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 12-январга караган түнү болжол менен саат 00:00 чамасында болгон. Каракол шаардык милициясына Тез жардам кызматынан билдирүү келип түшкөн. Анда 1991-жылы төрөлгөн облустук телеканалдын журналисти  Б.Г. аттуу кыздын Каракол шаарындагы үйүнүн сарайына асынып алгандыгы тууралуу айтылган.

Учурда аталган окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Дагы кошумча маалымат бериле тургандыгы айтылды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү