Бишкек ЖЭБинин жетекчиси Финполго келди

Автор -

Бишкек Жылуулук электр борборунун башчысы Андрей Воропаев бүгүн, 12-январда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына келди.

Айтымында, ал мекемеге Бишкек ЖЭБи боюнча ачылган иште «кеңешүү» үчүн келген.

«Учурда документ топтоо жүрүп жатат, эч кандай сурак болгон жок»,  -деди ал.

Эске сала кетсек, буга чейин Финпол Бишкекти каптаган кара түтүндүн себептерин териштире баштаган. Бул боюнча Бишкек ЖЭБинин жооптуу адамдарына карата сотко чейинки өндүрүш башталган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү