Чүйдө төрт адам иске ууланып, ооруканага жаткырылды

Автор -
Иллюстрация

Чүй облусунун Шопоков шаарындагы батирлердин биринен өрт чыгып, 4 адам иске ууланды. Алар райондук ооруканада жатканын ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, аталган шаардагы Жаңы Конуш тилкесиндеги батирлердин биринде өрт чыгып, бөлмөнүн 10 чарчы метр аянты күйгөн.

«Өрттүн кесепетинен 2 эркек (1976-жылы туулган, 1930-жылы туулган), 2 кыз (2008-жылы туулган, 2005-жылы туулган) иске ууланып, райондук ооруканага жеткирилди. Мындан тышкары 8 адам эвакуацияланды. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда», — дешти мекемеден.

Бөлүшүү