Кыргызстанга былтыр мигранттар 2,1 млрд. доллар которду

Автор -

Өткөн жылдын январь айынан ноябрга чейин мигранттар Кыргызстанга 2 миллиард 160 миллион 110 миң доллар которгон. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматтарында айтылат.

Ал эми 2019-жылдын ушул мезгилине 2 миллиард 191 миллион 920 миң доллар жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын башында мигранттардын которууларынын көлөмү кыскарган. Бирок июнь айынан ноябрга чейинки мезгилде мурдагы жылга салыштырмалуу өсүү (203 миллион долларга) байкалган.

Бөлүшүү