Караколдогу тоо лыжа базасында 12 жаштагы казакстандык бала каза тапты

Автор -
305

Караколдогу тоо лыжа базасында 12 жаштагы бала каза тапты. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бала ата-энеси менен Казакстандан эс алууга келген.

«Болжол менен саат 15.00 чамасында тоо лыжа базасынан казакстандык 12 жаштагы бала лыжа менен түшүп келе жатып, карагайга урунуп, алган жаракаттарынан жеринде каза тапканы тууралуу маалымат түштү. Ыкчам тергөө тобу материал топтогону кырсык болгон жерге кетти», — дешти Ички иштер башкармалыгынан.

Бул арада интернетте аталган тоо лыжа базасынын эс алуучулары администрациядан эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоону суранган тасмасы тарады.

«Биз азыр «Каприз» тоо лыжа курортунда турабыз. Бул чыгыш тарабындагы жол. Мындан 15 мүнөт мурун бул жерде 12 жаштагы бала каза тапты. Баары администрациянын шалаакы мамилесинен улам болду. Бул тилкеде ар дайым эс алуучулар жаракат алат. Эңкейиштен кесипкөйлөр да лыжасын токтото албайт, эч кандай тосмо жок», — деп билдирет эс алуучулардын бири Закир Хасанов.

 

Бөлүшүү