Рахат Сулайманов «Бешинчи каналдын» башкы директору болду

Автор -

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов «Бешинчи каналдын» башкы директору болуп дайындалды. Маалыматтарга караганда, тийиштүү чечимди өкмөт кабыл алган.

Рахат Сулайманов бүгүн телеканалдын эмгек жамаатына тааныштырылды.

«Бешинчи каналды» буга чейин журналист Эрнис Кыязов башкарып келген. 

Рахат Сулайманов 45 жашта. Ал 2007-2010-жылдар аралыгында аталган каналда «Майдан» берүүсүнүн алып баруучусу болуп иштеген. Кийин УКМКнын маалымат бөлүмүн көп жылдан бери жетектеп келди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү