Кыргызстанга коронавируска каршы Pfizer вакцинасы сунушталды

Автор -

Кыргызстанга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн алгачкы талапкер катары АКШнын Pfizer вакцинасы сунушталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Министрдин орун басарынын айтымында, эмдөө препараттарына коюла турган өзүнчө талаптар бар. Кыргызстан ошол талаптарга жооп бере ала тургандай вакцинаны тандаш керек.  Pfizer вакцинасынын бир кемчилиги катары аны -70 градуста сактоо шарты айтылууда. Ал эми Кыргызстанда буга техникалык жактан мүмкүнчүлүк жок.

«Биз колдонуп жүргөн мурдагы вакциналардын бардыгы +1 же 2 градуста сакталчу. Учурда Россиянын вакцинасын алуу боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди Үсөнбаев.

Бөлүшүү