13-январь. Коронавирус 92 адамдан табылып, 1 адам каза тапты

Автор -

13-январга карата Кыргызстанда коронавирус 92 адамдан табылып, андан сырткары, Бишкектеги ооруканада дарыланып жаткан бир бейтап каза тапты. Бул туурасында Республикалык штабдан маалымдашты.

Ал эми 177 адам COVID-19 инфекциясынан айыгып кетти. Учурда дарыгерлер карап жаткан бейтаптардын ичинен 44 адамдын абалы өтө оор экени маалым болду.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек – 51;
  • Ош — 9;
  • Чүй облусу – 10;
  • Ош облусу — 5;
  • Талас облусу — 0;
  • Нарын облусу — 3;
  • Ысык-Көл облусу – 3;
  • Жалал-Абад облусу – 10;
  • Баткен облусу — 1.

Кыргызстанда коронавирус катталгандан бери жалпысынан 82 587 адамга жуккандыгы айтылды.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек – 51;
  • Ош шаары – 7;
  • Чүй облусу – 53;
  • Ош облусу – 10;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 8;
  • Ысык-Көл облусу – 26;
  • Жалал-Абад облусу – 8;
  • Баткен облусу – 10.

Республикалык штаб COVID-19дан айыгып кеткендердин жалпы саны 78 358 деп билдирди.

Стационарда учурда 810 бейтап дарыланууда:

  • 11 адам – канааттандырарлык абалда;
  • 514 – орточо оор;
  • 241 – оор абалда;
  • 44 – өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда 1 113 бейтап бар.

Бөлүшүү