Президенттикке талапкер Курсан Асановдун жубайы УКМКда сурак берип жатканда эс-учун жоготуп, реанимацияга жаткырылды. Бул тууралуу укук коргоочу Токтайым Үмоталиева социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, Асановдун жубайын 11-январь, дүйшөмбүдө суракка чакырышкан. Улуттук коопсуздук комитетинде аны жактоочусу жок, 2 сааттан ашык суракка алышкан. Ал жерден Кулнара Үсөнканова эс-учун жоготуп, шашылыш түрдө ооруканага жеткиришкен. Анын эки күндөн бери жандандыруу бөлүмүндө жатканын айткан Токтайым Үмөталиева УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, бул ишти иликтеп, сурак алган тергөөчүнү иштен бошотууну өтүнөт.
Эскерте кетсек, мурдараак УКМК Асановдун жубайына карата ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы менен сотко чейинки өндүрүш баштаганы белгилүү болгон. УКМКнын маалыматына караганда, 2017-2018-жылдары ал А.О. аттуу жарандан чогуу бизнес кылуу үчүн 5 миллион доллар алып, аны бербей аткан.