Бишкекте 4 класстын окуучулары мектепке барып башташты

Автор -

Бүгүн, 18-январдан баштап Бишкек шаарында 1-5-9-11-класстын окуучулары мектептерге барып окуп башташты.

Балдар 1-февралга чейин эки нөөмөттө окушат, класста шахмат түрүндө отургузулат. Ал эми адистер, эпидемиологдор пандемия учурундагы  билим берүү процессине көз салышат.

Эгер көрсөткүчтөр туруктуу болсо, болжол менен экинчи этап башталат — бардык окуучулар мектепке барып, билим ала башташат.

Мектептерде жайгашкан күндүзгү ооруканалар консервацияланат, техникалык камсыздоо Үй-бүлөлүк медицина бөлүмүнө өткөрүлүп берилет, керебеттер жана башка шаймандар сактоо үчүн тиешелүү кызматтардын балансына өткөрүлөт.

Шаардык милиция коомдук транспорттун айдоочуларын окуучуларга аяр мамиле жасоого чакырат. Жолдордо жана аялдамаларда балдар бар жерден абайлап өтүүнү өтүнөт.