Адвокат: Мелис Аспеков көрсөтмө берүүдөн баш тартууда

Автор -

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган активист Мелис Аспеков көрсөтмө берүүдөн баш тартууда.

Бул тууралуу Аспековдун адвокаты Назира Абышкаева 19-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйында билдирди.

Анын айтымында, активист кармалгандан бери өзүнө карата козголгон кылмыш иши боюнча бир гана жолу сурак берип, башка эч кандай көрсөтмө берген эмес.

18-январда Интернеттеги социалдык тармактарда жана айрым маалымат каражаттарында Аспековдун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчиси Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө бергени тууралуу кабар тарап, кийинчерээк атайын кызмат аны четке какты.

УКМК буга чейин Мелис Аспеков жана Улан Жураев «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалганын, алар Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш боюнча шек саналып жатканын кабарлаган.

Аларды кармоого «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызы негиз болгонун билдирген.

Өткөн аптада Бишкектин Биринчи май райондук соту Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 9-мартка чейин камакта калтырган.

Мелис Аспеков президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы шайлоо штабын жетектеп жатканын буга чейин жарыялаган. Жапаров өзү 10-январда добуш берүүдөн чыккандан кийин журналисттердин суроосуна Аспеков өзүнүн шайлоо штабында иштебей турганын айтып, жооп кайтарган.

Мелис Аспеков Садыр Жапаровду былтыр 6-октябрга караган түнү тарапташтары түрмөдөн бошотуп алгандан кийин анын жанында жүргөн жана ага байланыштуу маселелер боюнча комментарий берип турган.

10-январда Садыр Жапаровдун көп добуш алышы менен аяктаган шайлоо жараянында, үгүт маалында аны колдоп келген.

Бөлүшүү