Финполдун өкүлүнүн 4 млн долларлык мүлктөрү ачыкталды (сүрөт)

Автор -

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын башчысы мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта такталгандай, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы мыйзамыз баюу фактысы менен ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын ички иликтөө жана коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы, финансы полициясынын майору Т. А. Р. аттуу жаранды кармаган.

Белгилей кетсек, буга чейин Коопсуздук комитети ЭККМК башкармалыгынын башчысы Айбек Токоевге иш козгогону белгилүү болгон.

УКМКнын маалыматы боюнча, Айбек Токоев 2014-жылдан бери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (ЭККМК) органдарында жетекчи кызматтарда иштеп жүргөндө, Ош жана Бишкек шаарларынан 15тен ашык кыймылсыз мүлк сатып алып, жакын туугандарынын атына каттаган.

Мындан тышкары Ош шаарында 13 кабаттуу турак үйдүн, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана май куюучу жайлардын курулушуна ири суммадагы каражат жумшаган.

Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, Токоевдин кыймылсыз мүлк жана финансылык активдеринин жалпы наркы 4 миллион доллардан ашат. Бирок бул анын мыйзамдуу кирешесине кирбейт.

УКМК аталган жетекчини 18-январда кармады. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында анын бардык мүлктүк жана каржылык активдерин табуу, ошондой эле алардын болжолдуу наркын аныктоого багытталган кошумча тергөө-оперативдик иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Айрым ЖМКлар Айбек Токоев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жубайы Айгүл Токоеванын тууганы экенин жазышты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү