Бишкектеги мектептер 18-январдан тарта 1,5,9,11-класстын окуучулары үчүн эшигин ачты. Бирок шаардык билим берүү башкармалыгынан кайсы бир себептер менен баласын онлайн окутууну каалаган ата-энелер болсо, алардын да ою эске алынарын билдиришкен. Бул үчүн мугалимдин класста өтүп жаткан сабагы реалдуу убакыт режиминде онлайн көрсөтүлүп турарын убадалашкан.
Бишкек шаардык мэриясынан окутуунун биринчи күнү 3 680 окуучу сабакка аралыктан катышканын билдиришти. Ал эми мектепке 53,5 миңден ашуун бала барган.
Ошондой эле алты миңден ашуун мугалим расписаниеге ылайык, кадимки жана аралыктан билим берүү тартибинде сабак өтүшкөн.
Маалыматта мектептер дезинфекциялык каражаттар, антибактериалдык самындар, санитайзер, термометр жана башкалар менен камсыздалганы айтылды.