Дамирбек Назаров Жогорку соттун судьясы болуп дайындалды

Автор -

Парламенттин 20-январдагы сессиясында  Жогорку соттун судьялыгына Дамирбек Назаровдун талапкерлиги каралды.

Президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов жыйында билдиргендей, Назаровдун талапкерлигин Жогорку соттун судьялыгына бекитүү тууралуу сунушту мамлекет башчынын милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов берген.

Калматов Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевди кызматынан бошотуу жана кылмыш жообуна тартуу тууралуу Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын чечими чыкканын маалымдады.

Жыйында депутат Дастан Бекешев Назаровдун айлыгы жана мүлкүнө, декларациясына кызыкты.

Дамирбек Назаров тапкан кирешеси менен мүлктөрүнүн баары декларацияда көрсөтүлгөнүн, жылына 400-450 миң сом айлык аларын жана бул каражат негизги кирешеси экенин айтты.

Жыйынтыгында анын талапкерлигин сессияда каттоодон өткөн депутаттардын 92си колдоп, бирөө каршы добуш беришти.

Көпчүлүк добуш менен Жогорку сотко судья болуп дайындалган Дамирбек Назаров сессияда ант берди.

42 жаштагы Дамирбек Назаров буга чейин Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы болуп иштеп келген.

Эми Жогорку сотко Камил Осмоналиевдин ордуна бармакчы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) судья Осмоналиевди мыйзамсыз баюуга шектеп, былтыр 14-декабрда кармаган. Бүгүн Жогорку Кеңеш аны бул кызматтан четтеткени белгилүү болгон.

Осмоналиев жана анын жакындары бул айыптоолор боюнча маалымат бере элек.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү