23-январдан тарта өлкөгө кирүүдө жаңы алгоритмдер колдонулат

Автор -
429

Кыргыз жарандары, чек өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү алгоритмдери иштелип чыгып, бекитилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бул алгоритмдер «Манас», «Ош», «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунда 2021-жылдын 23-январында күчүнө кирет:

Алгоритмге ылайык, чет мамлекеттерден учууга катталууда, Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар SАRS-CoV-2 жоктугун тастыктаган ПЦР- изилдөөнүн жыйынтыгын авиакомпаниянын өкүлдөрүнө көрсөтүшөт.

Бортко коронавирустук инфекциянын клиникалык белгилери жок жана изилдөө алынган убактан тартып акыркы 72 саатта SARS-CoV-2 аныктоо үчүн жасалган ПЦР — тестинин терс жыйынтыгын тастыктаган маалымкаты бар адамдарга гана кирүүгө уруксат.

⇒ Бортто авиакомпаниялардын кызматкерлери жүргүнчүлөргө «Кыргыз Республикасына келүү үчүн анкетаны» толтуруу үчүн таратышат.

⇒ Кыргыз Республикасынын кире беришинде (аэровокзалда) жүргүнчүлөр СКП кызматкерлерине ПЦР изилдөө натыйжалары жөнүндө күбөлүк жана толтурулган «Кыргыз Республикасына келүү үчүн анкетаны» андан ары талдоо үчүн тапшырышат.

⇒ КР эл аралык аэропорттору аркылуу Мамлекеттик чек аралардан өткөрүү пункттарынан өтүп жатканда жана учактын бортунда жүргүнчүлөр беткап, антисептиктерди колдонушу керек. Аэропорттун кызматкерлери, КР ССМ СКП жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматерлери жүргүнчүлөр тарабынан социалдык дистанция жана беткап режиминин так сакталышын көзөмөлдөйт.

⇒ Учуу жана кечигип учуу менен байланышкан себептерден улам ПЦР изилдөөсүнүн жарактуулук мөөнөтү (72 саат) аяктаган учурда, жүргүнчүлөр келген жери боюнча ПЦР тестинен өтүшү керек.

Ички каттамдарды ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин алгоритми 2021-жылдын 14-январында күчүнө кирген. 

⇒ Алгоритмге ылайык, учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында жана учакка түшүүдөн мурун аэропорттордун кызматкерлери, КР Ички иштер министрлиги жана КР ССМ СКП кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн социалдык дистанция жана беткап режиминин так сакталышын көзөмөлдөшөт, ал эми учуу учурунда учактын экипажы жана борткоштоочулары тарабынан жүзөгө ашырылат.

⇒ Учакта үзгүлтүксүз учууларды жүргүзгөндөн кийин, СКП кызматкерлери акыркы жолу тазаланган күндөн тартып 72 сааттан ашпаган мөөнөттө дезинфекциялык тазалоо иштерин жүргүзүшөт жана дезинфекциялоочу дарылоонун чыгымдарын авиакомпаниялар көтөрөт.

Эл аралык жана ички каттамдар үчүн:

⇒ Борт коштоочулары тарабынан, бортто коронавирустук инфекцияга шектелген жүргүнчүнүн / жүргүнчүлөрдүн болушу жөнүндө маалымат алынгандан кийин, байланышта болгон адамдар такталат. Байланышта болгон адамдар катары: алдыдагы 2 катарда, арттагы 2 катарда жана 1 катар жанында жайгашкан жүргүнчүлөр эсептелет жана алар жашаган жери боюнча медициналык көзөмөлгө алынышат.

⇒ SARS-CoV-2 менен ооруган бейтап менен байланышкан адамдарды аныктоо керек болсо, Эл аралык «Манас», «Ош», «Ысык-Көл» аэропорттору СКП кызматкерлерине жүргүнчүлөрдүн тизмесин берет.

◊ Учак КРнын эл аралык аэропортторуна келгенден кийин, СКП кызматкерлери учактын бортунда/аэровокзал комплекстеринин учуу залында дене табын өлчөшөт.

◊ Жүргүнчүлөрдөн жана экипаж мүчөлөрүнөн арасынан клиникалык белгилери (дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл ж.б.) аныкталса, ооруканага жаткыруу КР ССМ аныктаган ооруканага Тез жардам кызматы (103) тарабынан жеткирилет. СКП кызматкерлери санитардык аянтта учактын бортун толугу менен дезинфекциялашат.

◊ Клиникалык белгилери жок адамдар андан ары дареги боюнча баруу үчүн өткөрүлөт.

Бөлүшүү