Коронавирус боюнча бүгүнкү статистика. Жуктургандар кайра көбөйдү

Автор -
213

20-январга карата Кыргызстанда 162 адам коронавирус жуктуруп, эки адам сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы аныкталган учурлар:
Бишкек — 46
Ош — 11
Чүй облусу – 72
Ош облусу — 2
Талас облусу — 1
Нарын облусу — 2
Ысык-Көл облусу – 24
Жалал-Абад облусу – 2
Баткен облусу — 2. 

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 124 адам сакайып чыкты: 

— Бишкек – 62
— Ош шаары – 4
— Чүй облусу – 28
— Ош облусу – 6
— Талас облусу – 1
— Нарын облусу – 6
— Ысык-Көл облусу – 13
— Жалал-Абад облусу – 4
— Баткен облусу – 0.

Учурда стационарда 726 бейтап калды, алардын ичинен:
— 12 адам (1,6%) — канааттандыраарлык абалда;
— 449 (61,8%) — орто оордукта;
— 225 (30,9%) — оор абалда;
— 40 (5,5%) — өтө оор абалда.

Үй шартында 1010 бейтап дарыланууда. Сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарында дарыланып жаткан 2 бейтап каза тапты.

Коронавирус илдети алгачкы ирет катталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда 83 430 киши вирус жуктурду. Анын ичинен 79 373 адам айыгып чыкты. 1 392 адам оорудан оңоло албай каза тапты. Өткөн аптада вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева коронавирустан каза тапкандардын саны расмий айтылган сандан алда канча көп экенин билдирген.

Бөлүшүү