Өзбекстанга «Pfizer/Biotech» вакцинасынан 100 миң доза алынып келет

Автор -

Өзбекстанга АКШнын «Pfizer» жана Германиянын «BioNTech» компаниясы чыгарган коронавируска каршы «Comirnaty» вакцинасынан 100 миң доза алынып келет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Бахадыр Юсупалиев билдирди.

Анын айтымында, COVID-19га каршы вакцинаны иш жүзүндө колдонуш үчүн Өзбекстандын элинин 20% жете турган өлчөмдө буюртма COVAX фондуна жөнөтүлгөн.

«Pfizer/Biotech» вакцинасы -70° температурада сакталууга тийиш. Министрдин орун басары Өзбекстанда ушундай шартка жооп берген муздаткычтар бар экенин айтты.

«Pfizer/Biotech» — Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) тарабынан коронавируска каршы эмдөөгө алгачкылардан болуп уруксат берилген вакцина.

COVAX программасынын алкагында Кыргызстанга коронавируска каршы сегиз түрдүү вакцина сунушталган. Анын биринчиси — «Pfizer/Biotech» Бишкекке жөнөтүлгөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 12-январда билдирген. Бирок Кыргызстанда бул вакцинаны -70° температурада cактай турган муздаткыч жоктугуна байланыштуу, башка варианттар каралууда.

ДССУнун 7-январдагы билдирүүсүнө ылайык, начар өнүгүп жаткан өлкөлөргө коронавируска каршы вакциналардын алгачкы түрлөрү COVAX программасынын алкагында ушул айдын ичинде жеткирилиши керек.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү