УКМК «Наваттын» тең кожоюнунун кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

Автор -

«Нават» ресторандар тармагынын тең кожоюну Сергей Острецов кысым көрсөтүү жана компанияларынын акцияларын тартып алуу максатында кармалганы чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекетти комитети кабарлады.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2009-жылдан бери ломбард ишине жамынуу аркылуу мыйзамсыз банк ишин жүргүзүп, ири көлөмдө салык төлөөдөн баш тарткан факты иликтенүүдө.

Ошондой эле ломбарддардын түйүнү аркылуу кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысына тийиштүү адамдар аныкталууда. Алардын аты-жөнү тергөө бүткөнгө чейин ачыкталбайт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү